Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында 27-майда Кыргызстанда күн бүркөлүп ачылып турат. Айрым аймактарда кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Ысыккөл облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +14...+19 градус жылуу.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +9...+14 градус, күндүз +21...+26.
Тоолуу Нарын аймагында түнкүсүн +5...+10, күндүз +14...+19 градус жылуу болот.
Борборубуз Бишкекте ала булут каптап, бир аз жамгыр себелеши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +20...+22 градус.

Соңку маалыматтарды Бурулкан Турдубек кызы, Бакыт Аманбаев жана жер-жерлердеги кабарчылар даярдашты

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG