Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Казакстандын элчиси Ошто


ОШ. Ырасмий иш сапарынын жүрүшүндө казак элчиси Өмүрзак Өзүбеков Түштүк аймагы боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмамбет Матубраимов, губернатордун милдетин аткаруучу Анвар Артыков жана шаар мэри Мамасадык Бакиров менен жолугушту. Анда Казакстандын облустары менен экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн жолдору, казак инвестициясын тартуунун өзгөчөлүктөрү жана Казакстанга Кыргызстандын түштүк аймагынан барышкан эмгек миграттарынын абалын жакшыртуу сыяктуу бир катар маселелер талкууланды. Жолугушуудан соң элчи мырза Карасуу районуна барып Шаркансай чегара бекетиндеги абал менен таанышты. “Чет элдик маалымат каражаттарында Кыргызстандын түштүгүндөгү коопсуздук чараларынын көрүнүшү боюнча такталабаган маалыматтар болуп жаткандыктан, чыныгы абалды өз көзүбүз менен көрүп, анан ошого жараша баа берели деген оюбуз бар”,-деди казак элчиси. Кечке маал элчи Өмүрзак Өзүбеков Жалалабат облусунун Сузак районунда жайгашкан өзбекстандык качкындар лагеринен кабар алуу үчүн жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG