Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Жерди мыйзамсыз ээлегендер жоопко тартылышы ыктымал


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук жана Конституциялык түзүлүш боюнча комитети жерди ээлеп алууларга байланыштуу «Кылмыш кодексине» өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап, палатага сунуштап жатат. Бул тууралуу долбоордун автору, депутат Кубатбек Байболов 26-майда «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, долбоордо жерди мыйзамсыз ээлеп алуу аркылуу жер кыртышына, айыл чарбасына зыян алып келген жарандар кылмыш жообуна тартылаары, ал эми аны уюштуруучулар үч жылга чейин эркинен ажыратылары көрсөтүлдү. Байболов ошондой эле «Кылмыш кодексинде» бул жобо мурда бар экендигин, ал 1997-жылкы өзгөртүүдө алынып салынганын белгиледи.

Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын айланасында жер алууну каалоочулар менен өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуулары уланууда. Милиция кызматкерлери тартипти күзөткө алып жатат. Жерди өз алдынча басып алуу аракеттери апрель айында башталган.

XS
SM
MD
LG