Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Президенттикке талапкерлердин укуктары бирдей сакталбай жатат


БИШКЕК. Мындай билдирүүнү 26-майда «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өздөрүн президенттикке көрсөтүп жатышкан Токтайым Үмөталиева, Аманбай Сатибаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Дамира Өмүркулова, Назарбек Нышанов жасашты. Алардын пикирлерине караганда, бардык бийлик структуралары президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы үчүн иштешүүдө. Бул багытта Борбордук шайлоо комиссиясы да аларды каттоого, кол чогултууга байланышкан иштерде тоскоолдуктарды жасап жатат. Мындай дооматты БШК мүчөсү Жеңиш Акматов ушул эле күнү төгүнгө чыгарды.

Ал эми ЕККУ миссиясынын жетекчиси Любомир Копай ушул күндөрү 6-7 талапкер менен жолугушканын белгилеп, алардын дооматтары боюнча байкоочулар иштээрин, миссия пикирин шайлоо бүткөндөн кийинки отчетунда белгилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG