Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Еврокомиссия Кыргызстанга 18 миллион евро жардам берет


БИШКЕК. Европа комиссиясы тамак-аш коопсуздугу программасынын алкагында Кыргызстанга 2005-2006-жылдары 18 миллион евро жардам берет. Мындай макулдашуу аталган программанын жетекчиси Хадиджа Кадри менен Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун Бишкекте өткөн жолугушуусунда жетишилди. Каржы министринин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бул каржаттын ичинен 17 миллион евро Кыргызстандын улуттук бюджетин колдоого ал эми бир миллион евро техникалык жардам иретинде берилет. Жардамдын биринчи бөлүгү 2005-жылдын үчүнчү кварталдында берилээри күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG