Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Мамлекеттик маалымат каражаттары реформаланат


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев мамлекеттик маалымат каражаттарын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жумушчу топ Кыргыз телерадио корпорациясын, мамлекеттик «Слово Кыргызстана», «Эркин тоо», «Кыргыз туусу» гезиттерин реформалоонун үстүндө иш алып барат. Жумушчу топту вице-премьер-министр Адахан Мадумаров жетектейт. Анын курамында президенттин маалымат катчысы Абазбек Атаханов, «Журналист» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиев, юрист Шамарал Майчиев жана башкалар бар.

XS
SM
MD
LG