Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

ЕККУ миссиясы парламенттик шайлоо боюнча отчетун жарыялады


БИШКЕК. ЕККУнун адам укугун коргоо жана демократиялык институттар бюросу Кыргызстанда эки айлампада өткөн быйылкы парламенттик шайлоо боюнча отчетун жарыялады. Бул отчетто миссия өкмөткө, коомчулукка өзүнүн тогуз багыттагы сунушун билдирген. Алардын катарында укуктук негиздерге, шайлоону уюштурууга, шайлоочулардын тизмесине, үгүт иштерине, улуттук азчылыктарга жана гендер маселесине, маалымат каражаттарына байланышкан сунуштар бар. Миссия башчысы Любомир Копайдын билдиргенине караганда, саясий эрк жетиштүү болгон шартта президенттик шайлоону «Шайлоо кодексин» өзгөртпөгөн шартта деле акыйкат, чынчыл шайлоо өткөрүүгө болот. Отчетто миссия өз сунуштарында президенттик шайлоону «Шайлоо кодексин» өзгөртүү жолу менен да, ошол калыбында эле эл аралык стандарттарга таянып, ачык-айкын өткөрүүгө да болорун белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG