Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

А.АКАЕВДИН МАЕГИ, КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ БАШКАРУУ КЕРЕК?


Кызматын таштап кеткен А.Акаев «Агым» гезитинде маек куруп, 24-мартка чейин бийлик менен оппозицияга ортомчу болуп жүргөн адамдар эки тарапка тең туура эмес маалымат беришкенин ачыкка чыгарды. Ушу тапта Кыргызстан мамлекетти башкаруунун кандай жолун тандап алуу туурасында акыл калчоодо.

«Агым» гезитинин жума күнкү санында А. Акаевдин маеги жарыяланууда. Элдик ыңкылапка чейин эле бийлик менен оппозициянын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп келгенин айтып, «ортомчу болуп жүргөн адамдар эки тарапка тең туура эмес маалыматтарды берип турушкандыктан, сүйлөшүүлөрдөн эч кандай жыйынтык чыкпагандыгын айтып коюшум керек», дейт экс-президент.

Аскар Акаев ошондой эле «белгилүү окуялар болгон күнү үй-бүлөмдү эртерээк кетирип, өзүм 25-март күнү да Кыргызстанда болдум»- деп, аялы эч кандай мамлекеттик иштерге кийлигишпегендигин билдирип, уулу менен кызы шайлоодо «таза жеңишке жетишти» деп эсептейт. Экс-президент чоң саясатка кайтып келүү оюнда жоктугун айтып, азырынча небересинин жанында болуп, эс алып жатканын маалым кылган.

Айтылуу жазуучу Казат Акматов жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланып аткан маегинде А.Акаевдин адаттагы эс алуусу ичимдик ичүү менен өтөрүн ырастайт. Экс-президент кийинки жылдары ичип кеткен. Жумшак, жетеленме, бирөөлөрдүн сөзүн ээрчип кеткен Акаев өлкөдө болуп аткан окуялардан көбүнесе кабарсыз калып келди, дейт К.Акматов.

Ушу тапта Кыргызстандын Башмыйзамын дагы бир жолу оңдоп-түзөп чыгуу жумуштары башталды. Айрымдар Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүшү керек деген пикирде. Бирок да парламент кабыл алган чечимине жооп бербес орган. Президенттин ыйгарым укуктары жетиштүү болгону оң, ошол эле учурда өкмөттүн өз алдынчалыгы болушу керек. Президент менен өкмөттүн отчетун укчу парламенттин жоопкерчилигин да белгилеп коюу зарыл, дейт К.Акматов «Кыргыз туусу» гезитиндеги маегинде.

Азыртан өлкөнүн камын ойлобой, жалаң шайлоонун шарданасы менен жүрө берсек, 10-июлдан кийин жарым-жартылай бандиттик мамлекетке айланарыбыз турулуу иш. Мындай пикирин өкмөт башчынын биринчи орунбасары Ф.Кулов билдирген. Анын маеги да «Кыргыз туусу» гезитинин жаңы санында жарыяланууда.

Николай Танаев башкарган өкмөт жабык типтеги корпорациянын эле өзү болчу. Өкмөт мүчөлөрүнүн өз алдынча бизнеси жүрүп турчу. Жакшы жерлерди өкмөт башчы өзү бөлүштүрчү. Административдик-маданий борборго деп кыйла жерди ээлеген Н.Танаев оголе кымбат баалуу үйдү Бишкектин так ортосуна салдырып, анын эки кабатын өзүнө энчилеп алган, деп жазат «МСН» гезитинде Геннадий Кузьмин «Бул жерде Коля болгон» аттуу макаласында.

А.Акаев элинен качып кеткени менен артында толгон-токой чуу калды, деп маалымдайт жума күнкү «Аалам» гезитинде Кенжебек Арыкбаев. Анын бири - ушу тапта иштеп аткан Конституциялык сот төрайымы Ч.Баекованын легтимдүүлүгү маселеси. Өлкөнүн башсотунун шайланган мөөнөтү 2003-жылдын 8-майында аягына чыккан. Конституциялык сот төрайымынын антип «абада илинип» турушуна А.Акаев кызыкдар болгон, ал өлкөнү «интрига, арам жолдор менен башкарган», деп жазат К.Арыкбаев.

Социализм доорунда күркүрөп иштеп турган Бишкектеги Ленин заводу кантип тонолуп, станоктору чет өлкөгө сатылып, ири ишкананын кедеринен кетиши Семетей Талас уулунун «Талаага чачылган байлык же стратегиялык Ленин заводу кантип кыйраган?» деген макаласында иликтөөгө алынган.

Жазуучу Казат Акматовдун дагы бир маеги жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде жарыяланды. «Тилди Осмонакун Ибраимов өлтүрүп кетти» дейт ал. К.Акматовдун ырасташынча, мурдагы мамкатчы чогулушту жалаң орус тилинде өткөрчү. «Орусчаны деле кыйрата билбейт. Аскар Акаевге да орусча сүйлөп кирип, орусча доклад жазып берип жүрүп, өнүгүп келаткан тили өлтүрдү».

Жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Мирлан Дүйшөнбаевдин «Бизге кандай башкаруу керек?» деген макаласы жарыяланууда. Автордун пикири боюнча, Кыргызстанга президенттик-парламенттик башкаруу ылайыктуу.
XS
SM
MD
LG