Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

«ЖАННАТТЫН БАГЫ» ЖЫЛУУ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Крестүүлөрдүн жортуулу тууралуу америкалык киночебер Ридли Скотт тарткан “Жаннаттын багы” көркөм тасмасы Батыш өлкөлөрүндөй эле, ислам дүйнөсүндө да жылуу кабыл алынды. Сынчылар арасында тасма экранга чыккандан мурда тарсалар менен мусулмандар ортосунда орто кылымдарда болгон кагылышууга арналган тасма диний араздашууну жаратат деген чочулоолор айтылып жаткан. Фильмде карт тарыхтын өтө катаал бир учуру көрөрманга чагылдырылып, рыцарлар менен мусулман аскерлеринин кылычташуулары өтө чебер көрсөтүлгөн.

“Жаннаттын багы” тасмасы май айы менен жарыша дүйнөлүк экранга чыкты. 140 миллион долларлык фильм ыйык шаар Иерусалим үчүн тарсалар менен мусулмандар ортосунда 12 кылымда болгон кандуу айкаштарды чагылдырат. 2001-жылдын 11-сентябрындагы калаймандан кийинки жагдайдан улам көркөм фильм мусулмандар арасында нааразычылыкты жаратат деген чочулоолор күчтүү болду.

Бирок Ридли Скоттун чыгармасы Батышта жашаган мусулмандарга катар, ислам өлкөлөрүндө да чоң кызыгууну жаратып, ага жылуу пикирлер айтылды.

Кошмо Штаттарда таасирлүү эсептелген Америка-ислам кызматташтык кеңешинин пикиринде, “Жаннаттын багы” “Ислам маданиятын оош-кыйышы жок калыс чагылдырып”, мусулмандарды нарктуу жана ар намыстуу эл катары көрсөткөн”.

Ислам аалымдары да көркөм тасмага оң бааларын беришти. Мохаммед ас-Саед Саид Каирдеги атактуу ал-Ахрам университетинин Саясый жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун мүдүрүнүн орун басары. Анын “Азаттык” радиосуна айтышынча, Скотт крестүүлөрдүн жортуулун өтө таразалап көрсөткөнү менен башка Батыш киночеберлеринен айрымаланып турат. Фильмдин тарбиялык мааниси да зор дейт Мохаммед Саид:

- Биз өз коомубузга тарыхтагы эки жакты жакындаткан кээ бир маанилүү фактыларды жана алар кантип чиелешип-байланышканын жана саясый-экономикалык турмушка кандай таасир эткенин окутуп-үйрөтүүбүз керек.

Фильмдин окуялары 1186-жылы Крестүүлөр жүрүшүнө кошулуп, Иерусалимди коргоодо теңдешсиз баатырдык көрсөткөн темир уста Балиандын айланасында өнүгөт. Аны британиялык актер Орландо Блум, ал эми мусулмандардын кол башчысы Салайдинди сириялык актер Гасан Масуд ойнойт. Ридлей Скоттун фильми бүгүнгө чейин адамдар динине карай жиктешип-согушуп келатканын, Иерусалим азыр да талаштуу шаар экенин аргасыз эске салат.

Америка Кошмо Штаттарындагы тарса топтору да көркөм тасманы жылуу кабыл алышты. Тарса-протестанттардын методисттер чиркөөсүнүн басылмасы- “Good News Magazine” журналы «Жаннаттын багын» «укмуштуудай чоң ийгилик» деп атады.

Фильмде тарса падышасы Болдуин 4-чү башкарган жылдар Иерусалим бардык диндер үчүн ачык шаар катары көрсөтүлгөн. Муну адистер тарыхый чындыкты бурмалоо деп баалашты.

Оксфорд университетинин профессору Кристофер Таерман крестүүлөрдүн жортуулу боюнча белгилүү эксперт. Анын айтымында, Скотт тарсалар менен мусулмандарды билимдүү, башка диндин өкүлдөрүнө сабырдуулук менен мамиле кылып, өз катарындагы фундаментилисттерге каршы күрөшкөн адамдар катары көрсөтөт. Режиссердун катаал доорду мындай чечмелөөсүнө Таерман каршы:

-Иш жүзүндө, ал доордогу Жакынкы Чыгышта түрдүү топтор болгон жана диний толеранттуулук кеңири жайылган көрүнүш болбогону талашсыз. Катуу куугунктуоо болбогону менен, Иерусалим падышалыгында мусулмандар букаралык укукка ээ болушкан эмес. Алар мусулман жерлериндеги тарсалар сыяктуу экинчи даражадагы эл болгон. Фильмдеги түрдүү маданияттардын элдери ырыс-ынтымакта жашады деген идея - бул фантазия.

Иерусалимди 1187-жылы тарсалардан бошоткон легендарлуу мусулман кол башчысы теги күрт Салайдиндин фильмдеги бейнесине карата да сын көз караштар бар. Ридли Скот Салайдинди батыштык рыцарлардын шаардан чыгып кетүүсүнө уруксат берип, калкка камкор, асылзат кеменгер кылып көрсөтөт. Бул, профессор Таермандын айтышынча, тарыхый чындыкка коошпойт.

Мисирдин байтакты Каирдеги ал-Ахрам илимий борборунун илимий кызматкери Саиддин сөзүнө караганда, Салайдин сырттан колбашчы болгону менен, ал крестүүлөрдү жеңүү үчүн сансыз жоокерлерди өлүмгө аянбай айдаган:

- Салайдин изги аскер башчы болгон. Бирок түпкүлүгүндө ал өтө эле консервативдүү зулум-диктатор болгон жана Исламдын абдан эскичил жактарына аябай маани берип, жактаган. Анын натыйжасында, биздин маданий өнүгүүбүз олуттуу өзгөргөн. Экономикалык жактан алганда да, ал өтө катаал адам болгон. Крестүүлөрдү жеңүү үчүн ал ар бир тыйынды сыгып алып, элге жүздөгөн жылдарга созулган жакырлыкты алып келген.

Сынчылар “Жаннаттын багында” Иерусалим байлыгы менен батыштык рыцарларды өзүнө тарткан жай кылып көрсөтүлгөнүн тасманын дагы бир кемчилиги катары белгилешет.

Иш жүзүндө крестүүлөр баарынан мурда динин коргоп жана атак-даңкка жетүү үчүн жортуулга чыккан дейт профессор Таерман:

- Батыш Европадан Жер Ортолук деңизинин чыгышына жортуулга аттанган ар бир эр азамат өтө аз пайда көргөн. Жол өтө кымбатка турган. Аларда жерлерин күрөөгө коюдан же сатуудан башка айла болгон эмес. Андан түшкөн кирешеси өтө аз болгон. Ал эми алардын өлүп калуу мүмкүнчүлүгү өтө чоң эле. Үч рыцардын ичинен бирөөсү гана тирүү калган. Деги эле ар кандай согушта өлүм-житим аз болбойт.

Лондондогу Каныша Мария атындагы университетинин окутуучусу Томас Осбридж да адамдардын жортуулга чыгуусуна алардын ишеними түрткү болгону режиссердун көз жазыдымында калганына өкүнөт:

– Тарыйхый жактан алсак, тасмада 12 кылымдагы атмосфера камтылбай калган: башкы каармандар динге ишенишпейт. Бул 12 кылымдагы чындыкка окшобойт. Батыштын же Исламдын көз карашынан караганда, Ислам менен Батыштын ортосундагы мамилелердин кандай сүрөттөлгөнү да чындыкка көп коошпойт.

Мындай кемчиликтерине карабастан, адистер “Жаннаттын багы” Ридлей Скоттун мындан мурдакы тасмасы “Гладиатор” сыяктуу эле Батышта жана мусулман өлкөлөрүндө чоң кызыгууну жаратары азыртан эле айкын болууда дешет.

Алгачкы эки жумада эле “Жанаттын багы” АКШда 35 миллион доллардан көп ныпа алып келди.
XS
SM
MD
LG