Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

MАМЛЕКЕТТИК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ РЕФОРМАЛАНАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин буйругу менен мамлекеттик маалымат каражаттарын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Реформага ылайык келечекте Кыргыз телерадио корпорациясы коомдук телеканалга айландырылып, өкмөттүк гезиттер мамлекеттин менчигинен ажыратылат.

Жумушчу топту вице-премьер-минстр Адахан Мадумаров жетектеп, орун басарлык милдетти “Журналист” коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиев аткарат. Мындан сырткары жумушчу топко тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жана өкмөттүк гезиттердин жетекчилери киришти. Кубан Мамбеталиевден айтымында, реформа дүйнө өлкөлөрүнүн тажрыйбасын эске алуу менен жүргүзүлөт. Тагыраак айтканда, Кыргыз телерадио корпорациясы коомдук телерадио корпорацияга айландырылат. Ал эми анын жетекчилиги парламент тарабынан шайланат. Мунун баары Жогорку Кеңеш тарабынан жакында кабыл алына турган мыйзам долбоорунун негизинде мыйзамдаштырылат:

- Ошол мыйзамдын негизинде байкоочу кеңеш түзүлөт. Ал кеңеш корпорациянын жетекчилигин Жогорку Кеңешке сунуш кылат. Аны парламент бекитет. Корпорациянын жетекчилиги жумуштан да депутаттардын макулдугу менен алынат.

Кубан Мамбеталиевдин айтымына караганда, реформага ылайык «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин тоо» жана бардык облус, райондордогу өкмөттүк гезиттер мамлекеттин менчигинен ажыратылат.

«Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков өкмөттүк гезиттерди кайсыл багытта өзгөртүү ыңгайлуу экенине төмөндөгүчө токтолду:

- Ачык типтеги акционердик коом болсо жакшы болот. Ага каалаган адам кирсе, өз салымын кошсо гана гезит эркин болот. Ошондо гана гезитте кандай макалалар жарыялана тургандыгы бир адам эмес, коомчулуктун пикири менен чечилмек.

Маалымат каражаттарын реформалоо демилгеси аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилиги менен жүрүүдө. Бул өңүттөн алганда, реформадан кийин деле маалымат каражаттары өкмөттүн таасиринде калба бербейби деген суроо туулат. Бул суроого жумушчу топтун курамындагы президенттин маалымат катчысы Авазбек Атаханов мындайча жооп берди:

- Азыркы бийлик- элдик бийлик. Ошондуктан азыр өкмөттүккү жана элдин кызыкчылыгы деп бөлбөш керек. Алардын кызыкчылыгы бир. Азыркы бийликтин башкы максаты-коомчулук туура маалымат алсын, бир тараптуу маалымат албасын деген эле сөз. Реформа да ошол багытта жүргүзүлүүдө.
XS
SM
MD
LG