Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Баткенде кырдаал курчпу?


БАТКЕН. 27-май күнү Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш Баткендин Чарбак, Согмент, Газ айылдарынын жашоочулары облус бийлигине даттанып келишти. Облус башчысынын милдетин аткаруучу Султан Айжигитов менен жолугушууда алар күндөн күнгө кошуна өзбек айылынын эли менен ыркы кетип, чоң чатак чыгып кетишине кооптонуу артып баратканын айтышты. Ушул эле күнү алар президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаевага кайрылуу жолдошту. Анда бул аймактагы өзбек-кыргыз чегарасын тез аранын ичинде жок дегенде үстүртөн болсо дагы тактап берүү, өзбек айылдарын айланып өтө турган жол курулушуна жардам көрсөтүү суралган.

XS
SM
MD
LG