Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Экс-президенттин туугандарынын жери көп


БИШКЕК. Мурунку президент Акаев менен анын жакындарына тиешелүү мүлктү иликтеген комиссия экс-президенттин жакындарына гектарлаган жер берилгендигин аныктады. Мындай маалыматты 27-майда Жогорку Кеңеште комиссия төрагасы Данияр Үсөнов билдирди. Анын айтымында, Ысыккөлдүн жээгиндеги Бостери айылынын аймагынан Айдар, Бермет жана Асанкул Акаевдерге 30 жарым гектар, булардын дагы бир тууганы Эрлан Акаевге 6 гектар жер берилген. Аскар Акаевдин бажасы Исаевге Түп районунун аймагынан 500 гектар, дагы бир бажасы Саркишевге Талас облусунан 233 гектар жер берилген. Комиссия азыр бул жерлер кандай негизде берилгендигин иликтеп жатат. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев комиссия мындай мыйзамсыздыктар үчүн жалгыз Акаев же анын үй-бүлө мүчөлөрүн эмес, ошол жерди бөлүп берген бийлик өкүлдөрүн жоопко тартылышына жетишүүсү зарыл деп билдирди.

XS
SM
MD
LG