Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

«Бителдин» 22 миллион доллары камакта


БИШКЕК. «Бител» телефон компаниясынан 24-марттагы ыңкылаптын алдында накталай акча түрүндө16.5 миллион доллар чыгарылып кетен. Ал эми 4 миллион доллар банктык эсеп менен которулган. Накталай акчаны «Бителдин» кассасынан Майрам Акаеванын жакын тууганы Саркишев көтөрүп чыгып кеткен. Учурда Саркишевдин кайда экендиги белгисиз, деп билдирди вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 27-майда Жогорку Кеңеште. Анын айтымында, «Бителдин» базар баасы 150-200 миллион доллар. Мына ошондуктан анын айланасында күчтүү талаш-тартыштар жүрүүдө. Мамлекет убагында «Бителдин» уюштуруучусу болуп, 40 пайыз акциясына ээ болгон. Бирок аны 40 миң сомго сатып жиберишкен. Бул кимдин кызыкчылыгына жасалган нерсе, деген маселени койду Данияр Үсөнов. Маалыматка караганда, учурда «Бителдин» 22 миллион доллар каражаты сот чечими менен камакка алынып турат.

XS
SM
MD
LG