Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

КОРРУПЦИЯНЫН АНАБАШЫНДА ТУРГАНДАРДЫН АЙЛА-АМАЛДАРЫ


Парламент мүчөлөрү жума күнкү «өкмөттүк саатта» вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдон экс-президент А.Акаев менен анын жакындарына тийиштүү мүлктү тактоочу мамлекеттик комисссиянын иши тууралуу маалыматты угушту. Өкмөт башчынын орунбасары 2005-жылдын бюджетинин аткарылышы, келерки жыл үчүн бюджет долбоору түзүлүп жатканын билдирди. Данияр Үсөнов мамлекеттик комиссиянын иши жакын арада аягына чыга албастыгын айтты.

Өкмөт башчынын буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик комиссия ушу тапта 5 топко бөлүнүп, баш-аягы 200 чукул ишкана, фирма, компанияларды текшерип, Кыргызстанды туташ каптаган коррупциянын тамырын иликтөөдө.

Данияр Үсөновдун айтымында, А.Акаев менен анын жакындарына тиешелүү дүйнө-мүлктү аныктоо үчүн 136 ишкана текшерилүүдө. Буга тиешеси бар 31 адамдын дүйнө-мүлкү кайдан чыкканы такталып чыкмакчы. Коррупция тууралуу оголе көп сөз кылчу экс-президенттин жакындары түзгөн схема кемпир ийиктин түйдөгүндөй улам чубаган сайын чубалып, мурда жаап-жашырылып келгендердин кыйласы булайып ачыкка чыгууда:

- “Aян Хотелс” деген ким? Мунун кожоюну “Станд Дивелопмент”. “ Станд Дивелопмент” - бул Кашкараев, Майрам Дүйшөновнанын дагы бир жээни. Анан кийин ОсОО “ Айдес Гроуп” . Жунусова кожоюну. А Жунусова деген ким десек, бул Кашкараевдин аялы экен. Улам бир компанияны карагандан кийин бул баягы орустардын «колобогуна» окшоп «чалдан чыгып, кемпирге барып, кемпирден чыгып…» кетип атат. Ошон үчүн 42 мекемеге дагы 136 мекеме кошулуп атыры.

Ашып барса бир айда ишин бүткөрчү мамлекеттик комиссия дагы кыйлага мурдагы бийликтен калган келепти чубап чыкчудай. А.Акаевдин жубайы уюштурган айтылуу «Мээрим» фондунан баштап кызы менен уулу катышкан көмүскө иштерди санап чыгуу кыйла убакытты алат. Аны Д.Үсөнов да ырастады:

- Ал эми булардын схемалары… Бизге доска жетпей жатат. Баары ырмалып-чырмалып калган. Атайын эсептелип, пландаштырылып, чиймелеп бул «пирамида» тургузулган. Ошол «пирамидасынын» бийиктиги канча, туурасы канча, ошону тескеп чыгышка, чынын айтсак, бизге убакыт жеткен жок. Мунун артындагы биртоп компаниялар өз алдынча аралдардарда катталган. Алардын саны 113.

Комиссия иштей баштагандан кийин Айдар Акаев менен Нурбек Турдукулов жетектеген «Бител» компаниясынын салыктан жашырган акчалары, дегеле үй-бүлө бизнесинин бүдөмүк иштеринин көбү ачылды дейт Д.Үсөнов:

- Эми ошол акчалардын артынан бардык. «Парез Банк», Латвияга бардык, Швейцарияга “Хрост” деген банкка бардык. “Хрост” деген банк королдун үй-бүлө мүчөлөрүн тейлеген банк. Абдан кызыктуу да, биздин да кыргыздар «королевалар» тейленген банктын кызматынан пайдаланышат экен. Ошондой деп изилдесек, болгону банк аркылуу 4 миллион гана доллар кетиптир. 16 миллион долларды кыргызча эле «Бителдин» кассасынан сумкага салып алып чыгышкан. Ушундай компаниялардын тизмеси 135, буга дагы 42 ишкана кошулат.

Депутаттар Алишер Сабиров менен Жантөрө Сатыбалдиев бюджетке киреше арбын түшүп атканы менен накталай акчанын эмнеликтен жок болуп атканына, энергетика тармагынын дагыле кыйын жагдайдан чыга албай жатканына кызыгышты.

Данияр Үсөнов өкмөт ушу тапта электрэнергиясынын техникалык чыгымдарын 10 пайызга азайтуу аракетин көрүп жатканын, мурдагы өкмөттөн калган накталай акчанын таңкыстыгы жакын арада жоюлуп, мугалимдердин эмгек отпускасына акча маалында төлөнөөрүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG