Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Жак Ширак мекендештерин евроконституцияны колдоого чакырды


Улуттук телеканал аркылуу чыгып сүйлөп, Жак Ширак эгер конституция четке кагылса, мунун арты Европада талаш-тартышты, күмөн-күдүктөрдү күчөтүп, арасат абалга алып келерин эскертти. Европа конституциянын жакшы вариантын иштеп чыгат деп ишенүү – куру кыял, анткени мындан башка дегеле вариант жок деп айтты Ширак. Жекшембиде, 29-майда франциялыктар жалпы улуттук референдумда добуш беришет. Евроконституцияны колдобогондордун саны шайлоочулар арасында 55 процентке жетет. Эгер долбоор бир эле өлкөдө жактырылбай калса, жалпы союзда күчүнө кирбейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG