Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Анжиандагы калайманда 173 киши мерт болгон


Ооруканаларда 270 адам жатат. Козголоң маалында түрмөдөн бошотулган 527 айыпкерден 470 киши абакка кайтып келди. Бул цифралар Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бүгүн таркаткан билдирүүдө айтылат. Укук коргоочулар эсебинде Анжианда миңден ашуун киши окко учкан. Эгер бул окуяларды иликтеп чыкканга эл аралык коомчулукка Ташкен бийликтери жол бербесе, анда НАТО Өзбекстан менен бардык кызматташтыгын үзүшү керек, деп билдирди альянстын парламенттик ассамблеясынын башчысы. Бу маселе боюнча резолюция эмдиги аптада ассамблеяда колго салынат.

XS
SM
MD
LG