Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

АКШ ПАЛЕСТИНДЕРГЕ 50 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БЕРДИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бейшемби күнү Вашингтондо Ак үйдө Палестин лидери Махмуд Аббас менен АКШ президенти Жорж Буштун сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Буш көз каранды эмес Палестин мамлекетинин түзүлүүсүнө дагы бир жолу колдоо билдирип, палестин жетекчилигине 50 миллион доллар өлчөмүндө жардам берүүнү убада кылды.

Бейшемби күнү Ак үйдө жүргөн сүйлөшүүлөр учурунда Махмуд Аббас палестин жетекчилиги тынчтык планды ишке ашыруунун негизги шарттарынын бири – зордукчул аракеттерди токтотуу үчүн колдон келген аракетти жасап атканын билдирди. Ошону менен бирге эле Аббас Израил тарабынан жасалган бир тараптуу кадамдар, акыркы кезде Палестин эгемен мамлекетин куруу мүмкүндүгүнө болгон ишенимди солгундатып жибергенин айтты. Аббас ошондой эле Израил автономиянын чек арасына коопсуздук дубалын тургузуп атканына, анын капшабы менен автономиянын айрым аймактарын энчилеп алып жатканына терең тынчсыздануусун билдирди:

- Оккупация өкүм сүрүп, эркиндик кысмакталып жаткан чакта демократия гүлдөп өсө албайт. Биз Израилдин жөөт көчмөндөрдү отурукташтыруу саясатына, коопсуздук дубалын тургузуп, биздин жерлерди жана Иерусалимдин айрым бөлүктөрүн өз энчисине басып алып атканына кабатырланып турабыз. Израилдин мындай аракеттери Палестинанын көз каранды эмес, Израил менен жакшы санаалаш кошуна болуусуна АКШнын ишенимин солгундатып жатат.

Палестин лидери ошондой эле эки тараптын бири-бирине болгон ишеними биротоло кетип кала электе, жаңжалды жөнгө салууга кеч болуп кала электе, баардык кызыктар тараптарды чара көрүүгө чакырды:

- Убакытты уттуруп койо электе чара көрүүбүз керек. Биз Израил элине ак ниеттик менен кол сунабыз. Бүгүн тынчтык үчүн диаолог жүргүзүү, бири-бирибиздин эгемендигибизди таануу - күн тартибиндеги маселелер. Бул АКШнын да көз карашы болмокчу.

Өз кезегинде Буш Аббастын алдыдагыдай тынчсызданууларына үн кошуп, Израилдин коопсуздук дубалын тургузуп жатканы, тынчтык процессине салым кошпой турганын билдирип, Ак үй эгемен палестин мамлекетинин түзүлүүсүнө, мурдагысындай эле ишенип турганын бекемдеди:

- Палестин элинин өзүн-өзү башкарып кете аларына, кошуналары менен тынч жашоого жөндөмдүү экенине ишенем. Тынчтыкты сүйгөн палестин мамлекетинин пайда болуусу Израил элинин да кызыкчылыгында. Азыр баардык кызыкдар тараптардын тынчтык үчүн колдон келишинче аракетенүүсүнө мезгил келип жетти.

Сүлөшүүнүн соңунда журналисттерге берген маалыматында президент Буш Палестин автономиясына жардам катары берилип жаткан 50 миллион доллар палестиндердин жашоо- турмушун жакшыртууга жумшала турганын билдирди:

- Америка Кошмо Штаттары Палестин жетекчилигине 50 миллион доллар берет, ал акча Газа тилкесинде турак жай куруу үчүн жана аймактын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жумшалат.

Аббас АКШнын мындай кең пейилдигине өтө курсант болуп турганын жашырбай, мынчалык ири суммадагы көмөктү Палестин автономиясы АКШдан биринчи жолу түздөн-түз алып жатканын белгиледи. Палестин финансы министри Салаам Фаед болсо бул ишараны Палестин жетекчилиги автономияны өз алдынча, талапка ылайык башкара алаарына көрсөтүлгөн ишеним катары баалады. Палестин жетекчилигиндеги коррупциядан чочулаган Америка Кошмо Штаттары жардам акчаларын буга чейин үчүнчү бир тарап- бейөкмөт уюмдар аркылуу берип келген.

Бул визит Аббастын февраль айында Палестин автономиясынын презденти болуп шайлангандан бери АКШга жасаган алгачкы расмий визити болуп калды. Акыркы жолу Ак үйгө маркум президент Ясыр Арафат 2001-жылдын январь айында келген. Ошол үчүн Аббастын келишин АКШнын тынчтык Институтунун эксперти Скотт Лазенски Америка менен Палестин автономиясынын ортосундагы мамилелердин кайрадан мурдагы калыбына келиши катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG