Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

ЕЛИСЕЕВ БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫ СОТКО БЕРҮҮНҮ ЧЕЧТИ


Укук коргоо комитетинин мурдагы кызматкери Александр Елисеев башкы прокуратураны сотко бергени жатат. Мындай демилгенин чыгышына анын акыркы кайрылуусуна Башкы прокуратура берген жооп себеп болду. Бул Елисеев менен укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин ортосундагы соттук териштирүүлөргө байланышкан маселенин кайрадан көтөрүлүшүн шарттоодо.

Александр Елисеев 1998-жылы башталган соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Укук коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев моралдык жана материалдык чыгым үчүн 4742,5 доллар, 52511 сом карыз деп эсептейт. Муну өндүрүп берүү талабы менен мындан бир ай мурун ал Башкы прокуратурага кайрылган болчу. Бирок бул мекеме иликтөө мөөнөтү бүткөн деген негиздеме менен быйыл 15-майда Дырылдаевге карата кылмыш иши токтотулду деп жооп берген. Башкы прокуратуранын жетекчисинен башкасынын баары Акаевдин кадрлары деп эсептеген Елисеев жаңы бийликке ишенбей тургандыгын мындайча билдирди:

- Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин өлкөдө мыйзамдуулук жана адам укуктарын сактоо үстөмдүк кылат деп ишендирүүсү менде өтө эле шектенүүнү пайда кылып калды.

Ошондуктан, Елисеев Дырылдаевге байланышкан соттук териштирүүлөргө көз салып берүүсүн сурап президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кат жолдогон. Жагдайды териштирип, мурдагы бийлик жасаган куугунтуктоонун ак-карасын териштирип берүүнү сурап, президенттин милдетин аткаруучуга кайрылганын ушул эле күнү Рамазан Дырылдаев да билдирди. Анын айтымында:

- Акаевдин доорунда мен куугунтукталып келгеним бүт Кыргызстанга белгилүү. Елисеевге окшогондорду пайдаланып, менин үстүмөн туура эмес иш козголгон.


Рамазан Дырылдаев ыңкылапка чейинки акыркы бир нече жыл Австрияда жашаган жана мындай жагдайды Кыргызстандын расмий бийлиги тарабынан куугунтуктоолор менен байланыштырып келген.

Елисеев болсо өзүн Акаевди жактаган адам катары жана Дырылдаевди куугунтукталган адам катары санабайт:

- Тескерисинче, президент Акаевге Дырылдаев мырза ыңгайлуу эле. Анткени, ага күчтүү оппозиция эмес, кадимки эле сүйлөөк киши керек болчу.

Дырылдаев куугунтуктун кесепетинен Венага барып баш калкалаган, ага жараша ал кездеги бийлик эл аралык уюмдардын сынына кабылган деп эсептегендердин бири президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун мындай пикирде:

- Ошол эле Елисеевдердин бардыгы ак үйгө кызмат кылгандар. Алардын бардыгы атайын дайындалган кишилер. Азыр дагы Бакиевдин бийлигине кайрылып, өндүргөнгө аракет кылып атат. Мен комиссиянын төрагасы катары айтаарым – бул вариант өтпөйт.

Белгилеп койчу жагы, Кыргызстан адам укуктарын коргоо комитетинин төрагасы менен кызматкеринин ортосундагы соттук териштирүүлөр 1997-жылы башталган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG