Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

К. Бакиев Венада ЕККУнун жыйынында 24-марттагы ыңклап жөнүндө сөз сүйлөйт


БИШКЕК. 29-майда Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев жетектеген өкмөттүк делегация Венага жөнөп кетет. Курманбек Бакиев 30-майда Венада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Туруктуу кеңешинин Кыргызстандагы соңку окуяларга арналган атайын жыйынында сөз сүйлөйт. Бакиев ЕККУнун Баш катчысы Ян Кубиш, уюмдун Туруктуу кеңешинин төрагасы Янеш Ленарчич менен жолугушуп, ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору боюнча пикир алышышат. Сапардын алкагында Курманбек Бакиевдин Австриянын Федералдык канцлери Вольфганг Шюссел менен жолугушуусу да күтүлүүдө. Делегацияны курамында Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров, президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун жана башкалар бар.

XS
SM
MD
LG