Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Кыргызстандагы Орус чегарачылары 87 жылдыгын өткөрдү


БИШКЕК. 28-майда Бишкекте Эмен багында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Кыргызстандагы чегарачыларынын чегара кызматынын 87 жылдыгына арналган салтанаты өттү. Анда Федералдык коопсуздук кызматынынын оперативдүү чегара тобунун жетекчиси Виктор Литвинов, өлкөнүн чегара кызматынын төрагасынын орун басары Садырбек Дубанаев жана чегара кызматынын ардагерлери куттуктоо сөз сүйлөштү. Айрым ардагерлер Кыргызстандын чекарачылары да кесиптик күнүн 29-октябрда эмес, 28-майда белгилеши абзел деген пикирлерин айтышты.

ФСБнын Кыргызстандагы оперативдүү чегара тобунун маалымат катчысы Леонид Сумароков буларды белгиледи:

- Орусиялык чегарачылар Кыргызстанда 1999-жылдын 17-июлунда кол коюлган чегара маселелери боюнча кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу макулдашуунун негизинде КМШнын тышкы чегараларына кирген кыргыз-кытай чек арасын коргоо боюнча өз кызматын кеңешчилер катарында аткарышууда.

XS
SM
MD
LG