Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Экстремисттер япон барымта туткунун өлтүрүп салышты


Япониянын өкмөтү Иракта барымта-туткунда кармалган 44 жаштагы япониялык жаран Акихико Сайтонун курман болгондугун ырасташты. Жакында экстремисттер туткундун сөөгүнүн сүрөтү «Ансар Ас Сунна» деген экстремисттик топтун интернет сайтына чыгарышты. Анын аралыгында бүгүн Ирактын Мосул шаарында Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн базасынын жанында эки жан кечти террорчу миналанган эки автомашинаны жардырышты. Андан беш ирактык аскер курман болуп, бери дегенде 40 тай киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG