Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Сауд арабиялыктар Падыша Фадхтын аман-эсен сакайып кетишин Алладан тилеп жатышат


Сауд арабиялыктар Падыша Фадхтын аман-эсен сакайып кетишин тилеп, намаз окуп жатышат. Падыша кечээ пневмония болуп, эти ысып, ооруканага жаткырылган. 83 жаштагы падышанын акыбалы жөнүндө так маалымат берилбегендиктен, өлкөдө ар түрдүү имиштер менен божомолдор тароодо. Кечээ мамлекеттик телевидение, бир расмий өкүлгө шилтеме берип, падышанын акыбалы жакшы экенин билдирген, андан бери падышанын ден соолугу жөнүндө расмий билдирүү таратыла элек.1995-жылы падыша инсултка дуушар болгон, ошондон бери анын ден соолугу начарлап кеткен.

Фадх Сауд Арабиянын расмий башчысы болуп эсептелет, бирок иш жүзүндө башкаруу анын бир тууганы, мураскер шахзаада Абдулланын колунда.

XS
SM
MD
LG