Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

ОРУСИЯДА АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Төрөкул Дооров, Москва Ушул жумада Москвага Европа Кеңешинин адам укуктары боюнча комиссары Альваро Хиль-Роблес келип кетти. Ал Орусиядагы адам укуктарынын абалы боюнча Европа Кеңешинин доклады тууралуу маалымат берип, Орусияда өлүм жазасын толугу менен алып салууну сунуш кылды.

Европа Кеңешинин омбудсмени Альваро Хиль-Роблес орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Орусия адам укуктарын коргоо жаатында бир катар ийгиликтерге жетишкенин айтты. Ошол эле учурда көптөгөн проблемалар азырга чейин чечилбей келатат деди.

Докладдын негизги бөлүгүн Чеченстандагы кырдаал, түрмөлөрдөгү абал жана маалымат каражаттарынын иши менен байланышкан маселелер ээлейт.

Европалык өкүл Альваро Хиль-Роблес чечен жериндеги адам укуктарын орой бузуп жаткан көрүнүштөрдүн бири катарында жергиликтүү тургундардын белгисиз жоголуп, уурдалып жатышын келтирди. «Муну тез аранын ичинде чечиш керек. Адамдарды уурдап жаткандар үчүн түзүлгөн жазасыз климатты жоготуш абзел»,- деди ал.

Андан сырткары, чеченстандык тургундарды өлтүргөн Эдуард Ульмандын аскерлер тобун Ростов соту жакында актап чыкканын ал өтө терс кабыл алганын билдирди. Буга чейин эле «Эларалык мунапыс» кору орусиялык аскерлер жана чечен сепаратисттери жазасыз түрдө далай кылмыш иштерин жасап жатышканын айткан.

Мындан сырткары Хиль Роблес орус бийликтерин сөз эркиндигин урматтоого чакырды. Анын докладында «коомдо дискуссияга эркиндиктин» жана «ар тараптуу телекөрсөтүүнүн» болушуна өзгөчө басым жасалгандыгы айтылды.

Орус президенти Владимир Путин европалык омбудсмендин докладында айтылгандарды аткарууга сөз берди:

- Биздин баамыбызда, бул доклад көлөмдүү эле эмес, ошол эле учурда, объективдүү да болду. Биз алдыдагы эки жылда сиз белгилеп кеткен маселелер боюнча өтө кылдат иштеп, аларга өз пикирибизди айтып эле калбастан, аларды жакшы жакка өзгөрткөнгө аракет кылабыз.

Анын аралыгында, бир катар орусиялык белгилүү укук коргоочулар Башкы прокуратурага кайрылып, өлкөнүн ички иштер министрлигине каршы кылмыш ишин козгоону талап кылышууда.

Атуулдук конгресстин лидерлери Гарри Каспаров, Людмила Алексеева жана Георгий Сатаровдун бул аракеттерине Башкыртстандагы тополоңдо болгон окуялар себеп болуптур. Алардын айтымында, Благовещенск шаарында болгон тополоң учурунда бийликтер ички иштер министрлигинин буйругу менен куралсыз элге каршы күч колдонушкан экен.

Укук коргоочулардын ишениминде, эгер бул ушул бойдон кала берсе, эч ким кылмыш иши үчүн жазаланбай калат.

XS
SM
MD
LG