Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

ФРАНЦИЯДА ЕВРОБИРИМДИК ҮЧҮН ЧЕЧҮҮЧҮ РЕФЕРЕНДУМ ӨТҮҮДӨ


Францияда бүгүн Евробиримдиктин Конституциясы боюнча жалпы элдик референдум өтүп жатат. Иш жүзүндө Евроконституциянын болочок тагдыры француз шайлоочуларынын колунда турат. Бүгүнкү референдумга бүткүл Европа байкоо салууда. Себеби анын натыйжасы Франция менен катар Еврошаркет үчүн да чечүүчү мааниге ээ. Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктарына караганда, шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Конституциянын кабыл алынышына каршы.

Франция - Евроконституциянын тагдырын бүгүн өтүп жаткандай, жыйынтыгы аткарууга милдеттүү болгон жалпы элдик референдумга салган алгачкы өлкө. Бул эгер француз шайлоочуларынын көпчүлүгү жок деп добуш берсе, өлкө бийлиги документти четке кагууга мажбур дегенди туюндурат.

Конституция мыйзамдык күчкө кириш үчүн документ Евробиримдикке мүчө 25 өлкөнүн баарында колдоо табып, ратификацияланышы абзел. Буга чейин муну 9 мамлекет жасады. Алардын көпчүлүгүндө Конституция парламенттер аркылуу ратификациялады.

Евробиримдик өкүлдөрүнүн айтымында, эгер документ уюмга мүчө бир же эки өлкөдө колдоо таппай калса, кандай чара көрүү керектиги жөнүндө ачык макулдашуу азырынча жок. Бирок баяндамачылар менен саясий аналитиктер эгер француздар "жок" деп добуш берсе, бул жагдай европалык лидерлерди Конституциясын кайсыл жери туура, кайсынысы ката экенин кайра кароосун шарттарын белгилешүүдө.

Француз президенти Жак Ширак болсо Конституциянын кызуу колдоочусу. Анын пикиринде, документ Европа дүйнөлүк саясатта көбүрөөк роль ойноосуна мүмкүндүк берет. Конституциянын кабыл алынышы менен Евробиридикте тышкы иштер министринин кызматы уюштурулмакчы. Ирактагы согуш, андан мурдагы Балкан чатагы уюм чогуу аракеттенүүгө жөндөмсүз экенин көргөзгөн. Документ ошондой мүчөлөрүнүн саны бир жыл мурун 25 өлкөгө жеткен уюмдун алкагында чечим кабыл алууну жеңилдетүүгө багытталган. Евробиримдиктин дөө-шаалары катары эсептелген Германия менен Франция жумушсуздуктун жогорку көрсөткүчүн, экономикалык проблемаларды баштан кечирип жаткан шартта, документтин колдоочулары Конституция уюм үчүн өтө зарыл экономикалык жанданууга да кошумча болорун айтышууда.

Бирок он жумушчусунун бирөөсү ишсиз Францияда шайлоочулардын ага көз түз эместей. Агитациялык кампания аяктаган жума күндүн алдындагы соңку сурамжылоолордун жыйынтыктары референдумда документти колдобогондор жеңишке жетээрин ишара кылды. Алар Конституция өлкөдөгү азыркы социалдык кепилдиктерди бузуучу либералдык реформаларга алып барат деп эсептешет.


Француз шайлоочуларынын тандоосу Европанын калган бөлүгүнө да таасир тийгизери күтүлүүдө. Жыйынтыгы аткарууга милдеттүү эмес рефрендум шаршембиде Голландияда болот. Баядамачылардын пикиринде, эгер француздар "жок" десе, голландиялыктар деле ушундай кадамга барат. Окуялардын мындай өнүгүшү - Европаны бириктрүүдөгү тарыхый долбоордун эң ири кадамдарынын бирине каскак болгон чоң сокку. Бирок голланд тышкы иштер министри Бен Ботт жекшембиде кабарчылар менен болгон маегинде, эки өлкөдө тең референдум оң жыйынтык менен аяктарын күтүп жатканын белгиледи:

-Менин байкоомдо акыркы бир нече күндө "жок" деген добуштардын катары суюлуп, мурдагы күндөргө салыштырганда "ооба" деп добуш берүүчүлөрдүн саны өсүүдө. Кокус Францияда "жок" деп добуш беришкен күндө да мен Голландия анын таасиринде калбасына толук ишеничтемин.

Айтор азыр Конституцияны жактаган европалык расмий өкүлдөр француз референдумунун жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жаткан кез. Өлкөдөгү шайлоо бекеттеринин көпчүлүгү Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 24.00, Париж жана Лион шаарларында саат 02.00до жабылат. Алгачкы натыйжалар ушундан соң гана белгилүү боло баштамакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG