Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:48

Жогорку соттун иши боюнча эксперттик комиссия иштеп жатат


БИШКЕК. Жогорку соттун имаратын бошотууну талап кылган адамдарды ага кызыкдар күчтөр жиберип жатат. Мындай пикирин Жогорку сотту ээлеп турган атуулдардын арыздары боюнча иликтөө жүргүзүп аткан комиссиянын мүчөсү Турсунбек Акун билдирди. 28-майда өз ишин баштаган эксперттик комиссия Жогорку соттун имаратында иштеп жатат. Аталган комиссиянын төрагасы Качкынбай Бообеков жекшембиде “Азаттыкка” берген маегинде укук коргоо органдарын имараттын алдында тартипти жана тынчтыкты сактоого чакырды. Эксперттик комиссиянын дагы бир мүчөсү Жогорку соттун судьясы Султангазы Касымовдун айтымында, комиссия учурда ар бир округ боюнча соттук материалдар менен таанышып жатат. Султангазы Касымов “Азаттыкка” Жогорку соттун имаратынын бошотулушн талап кылып келип жаткан адамдар комиссиянын ишине тоскоолдук кылып жатат деген оюн билдирди. Эксперттик комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн айтымында, иликтөөлөр учурунда жаңы жагдайлар болуп кала турган болсо, комиссия өз корутунудусун Башкы прокуратурага жөнөтүшү ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG