Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Ирактын коопсуздук күчтөрү бүгүн Багдадда козголоңчуларга каршы операция өткөрүштү


40 миңдин тегерегиндеги аскер катышкан операция терроризмдин инфраструктурасын жок кылууну көздөйт, - деп маалымдады Ройтер агенттигине Ирактын коргоо министрлигинин өкүлү. Ал аралыкта мунай министрлиги жайгашкан имараттын алдында бомба коюлган автомашина жарылды. Андан эки киши жан таслим болду. Түштүктө болсо британиялык жоокер окко учканы маалымдалууда. Ал эми Багдаддын түндүгүндө америкалык деңиз күчтөрүнүн аскери бомбанын жарылуусунан мерт кетти. Өлкөнүн булуң бурчунда болгон кол салуулардан бүгүн бардыгы болуп 5 карапайым тургун курман болду.

XS
SM
MD
LG