Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Франциянын мурдагы колониясы Ливанда да добуш берүү болду


Кабарларга караганда, ливандыктардын жалпы элдик шайлоого катышуусу анча жогору болгон жок. 4 баскыч менен өтүп жаткан шайлоонун алгачкы туру баш калаа Бейрутта өткөрүлдү. Февралда мурдагы өкмөт башчы Рафик Харири киши колдуу болуп, өлкөнү антисириялык демонстрациялар каптап, өкмөттүк кризис башталган эле. Толкундоолордун натыйжасында, өткөн айдын этегинде кошуна Сириянын аскерлери Ливандан толугу менен чыгарылды. Маркум Хариринин уулу Саад бул шайлоодо чоң ийгиликке жетишет деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG