Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

ОРУСИЯДА БИЙЛИКТИН МЫЙЗАМДУУ НӨӨКӨРЛӨРҮ ПАЙДА БОЛОТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Мурунку аптада президент Владимир Путиндин сунушу боюнча казак орустар кызмат өтөөсү Мамдумада биринчи окуудан өттү. Ал мыйзам болуп бекигенден кийин Орусиянын жер жерлеринде казак орус атамандыктары пайда болот дешет. Мындай көрүнүштү саясий анализчилер Кремлдин жергиликтүү казак орус колу менен ал жактагы майда элдерге кысым көргөзүү баштайт дешет. Андай топтор чукулку чет өлкөлөрдө да пайда болоору айтылууда.

Азыр казак орустары айтканга караганда, алардын 10 атамандык аскерий түзүлүшү бар. Ал туурасында президент Путин, Вёшинскиге Щолоховдун тоюн өткөргөнү барганда, ошол жерде айтты. Орусияда казактык аскерий түзүлүштүн пайда болушу чукулку эле, мобул, Екатерина Экинчи сурак сураганда, мындан да так айтканда, 18-кылымдын этегинде пайда болгон. Ошондо алар орусиялык бийликтин нөөкөрлөрү болууга ант берген. Падыша Екатерина Экинчи анда аларды Запорожьеден Түндүк Кавказга көчүрүп кондурган. Орусия ал кезде Түндүк Кавказды ала албай аткан. Кубандык казак орустар так ошондо келгин казактар арасынан уюшулган дешет. Алардын ал кезде Кавказда уланган жүз жылдык согушта Маскөөгө бел болуп бергенин кеп кылышат. Орусиянын ал жерлердеги майда элдерди сүрүп таштоо саясатына казак орустар кызуу катышкан. Бир эле мисал, ал кезде черкес деп айтылчу элдин аты калып азыр алардын бир уруусу адыг калышы ушуга күбө болор. Ошондуктан, дегинкиси, жазалоочу жумушту аткарып келген дал ошол аскерий түзүлүштү Кремлдин бүгүнкү күндө кайрадан жандандыра башташы опурталдуу, нары коркунучтуу дешет.

Президент Путиндин бул кадамын Түндүк Кавказ боюнча эксперт Юрий Ханжин падышанын бир кезде майда элдер жерин күчкө салып өзүнө кошуп алуу саясатын улап атышы, ошондой эле советтик кездеги орус эмес элдерди эзүү саясатынын уланышы деп эсептейт:

- Азыр Путин жүргүзө баштаган саясатты андан мурда Сталин жүргүзгөн, Сталинге дейре Николай Биринчи жүргүзүп келген адаттуу саясат. Ал орусиялык жана советтик колониялык жана империалисттик саясaт.

Кеткен аптада, президент Путин казак орустар жашаган жерлерде, алардын жеринен бийликке тээк болуп келаткан милдетин кайра калыбына келтирүү жана казак орустук аскерий түзүлүштөрдү мыйзамдуу түрдө уюштуруу сунушун кийирди. Аны Мамдума депутаттары карап биринчи окуудан өткөрдү. Ал эми Вёшенскиде казактар тобу менен жолукканда Владимир Путин алардын эмгегин жогору баалады:

- Казак орустары кайра жаралып атат. Бул залда олтургандар баары ага эмгек этүүдө. Биздин өлкө турмушунда казак орустары жигердүү катышып атышат. Казак аскерий бөлүктөрдө кызмат эткендер коомдук тартиптин сакчылыгында турушат. Алар көптөгөн кылмышкерлерди, баңги заттарды алып бараткандарды колго түшүрүштү. Жаштарды тарбыялоодо казак орустар кошкон салымы чоң.

Сырттан көз салуучулар казак орустардын өкүмөткө нөөкөр болуп кетишин ансыз да тетири карашып турган кавказдыктар тынчын кетирет дешет. Ал элдер менен борбор ымыласын курчутат дешет. Ал мыйзам даяр болгондо ага таянып орус улутчулдары бөтөн элдерди кысымга алуусун күчөтөт дешет. Дагы бир болжолдо ал мыйзам болуп бекигенде, кадимки эле кылмышкерлер өздөрүн казак орусумун деп бийликтен мыйзамдуу түрдө өзүнө аскерий топ түзө алат дешет.

Баса, бир нече жыл мурда Казакстандын чыгыш өңүрүндө казак орустар козголоңу чыгып, койгон талабы ал обулусту Орусияга кошуу болгон. Азыркы тушта Кырымдагы казак орустары автономиялуу жумуриятты Украинадан бөлүү болуп атат. Анализчилер болжолунда Кремлдин бул дымагы ишке ашканда, азыркы бийликтин өлкөнүн ичинде жана чукулку мамлекеттерде казак орустар тобунан турган бешинчи колоннасы иштей баштай дешет.

XS
SM
MD
LG