Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Өзбек бийлиги Анжиян окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөөгө каршы


АКШлык сенаторлор Өзбек өкмөтүн Анжиянда эл аралык изилдөө өткөрүүгө макулдук бербегени үчүн сындашты. Республикачыл сенаторлор Жон МакКейн, Линдси Грахам жана Жон Сунуну Анжиян кыргынын изилдөө үчүн келишкен эле. МакКейн Ташкендеги пресс-конференцияда өкмөт мүчөлөрү сенаттын делегациясы менен жолугушуудан баш тартканын маалымдады. Өзбек бийликтери тополоңдо 169 киши өлдү деп ырастоодо. Ырасмий эмес булактар аскерлердин огунан миңге чукул адамдын өмүрү кыйылганын айтышат. Президент Каримов мурда Улуттар Уюмунунун Анжиянда эл аралык иликтөө өткөрүү жөнүндөгү чакырыгын четке каккан.

XS
SM
MD
LG