Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

ОШКО ЖАҢЫ АСКЕРДИК БАЗА КЕРЕКПИ?


Акыркы кезде кыргыз коомчулугунда Ош шаарына Орусиянын аскердик базасын жайгашытруу маселеси талкуулана баштады. Анжиян окуяларынан кийин орус парламентарийлеринин кыргыз жетекчилиги менен Бишкектеги жолугушуусунда да бул маселе көтөрүлдү. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев “Коммерсант” гезитине берген интервьюсунда зарылчылык келип чыкса андай база курулаарын белгилеген.

Анжиян окуялары Кыргызстанда дагы бир орус аскердик базасын, бул ирет түштүк региондо жайгаштыруу маселесин күн тартибине алып чыкты. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ боюнча комитетинин төрагасы Андрей Кокошин менен жолугушууда түштүк региондо Орусиянын таасири күчөтүлсө максатка ылайыктуу болорун билдирген.

30-майда Кыргызстанга келген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү. Анда Ошто жаңы аскердик база ачуу маселеси талкууландыбы деген суроого Бордюжа минтип жооп берди:

- Бүгүнкү күндө андай зарылчылык жок. Пайда болсо президенттердин деңгээлинде каралмак. Менин оюмча, бүгүнкү күндө кырдаал курч эмес. Биздин бүгүнкү сүйлөшүүдө бул маселе конкреттүү түрдө көтөрүлгөн жок. Анткени базаны ачуу зарылдыгы боюнча эксперттердин бүтүмү да жок.

Түштүк региондо орус аскердик базасын ачуу боюнча кыргыз саясатчыларынын арасында эки жактуу пикир бар. Бир даары аны колдосо, экинчи тарабы каршы. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов маалымат каражаттарына берген интервьюсунда азыркы кырдаалда андай база керек деген оюн билдирген. “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев да ушундай пикирде:

- Баары бир бизге керек. Анжиян окуялар токтоп калгандан кийин деле база турганы дурус. Биздин партия мурдатан бери айтып келген, эгерде биз аскердик база жайгаштырууга уруксат бере турган болсок, анда ал колдонула турган жерге жакын туруш керек. Ошондуктан базалардын Кантта, же Манаста турганы туура эмес.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Абдымомунов региондо туруктуулукту аскердик базалар менен эмес, калктын турумушун көтөрүү, социалдык-экономикалык багыттагы иштер менен камсыздоо туура деген пикирде. Ошондуктан базаны ачуу туура эмес дейт Алишер Абдымомунов:

- Ким база курулсун десе ал жаңылышат. Ошондой база курулса туруктуулук бузулат. Анткени Орусия базасын куруусу менен тең салмактуулук бузулат. Ал база Орусиянын жана региондогу эски режимдердин кызыкчылыгына кызмат кылып, алардын каалоолорун аткарат жана жаңы демократиялык курулуштарга, принциптерге каршы күрөшүү максатында курулган база болуп калат.

Жергиликтүү адистердин пикиринде, эгерде Ислам Каримов баш болгон өзбек бийлиги өз мамлекетиндеги кырдаалды көзөмөлдөп, Анжиян окуяларынын кеңири масштабда кайталанбасына кепилдик бере алса-анда Ошто орус аскердик базасын ачуу зарылчылыгы бир кыйла басаңдайт. Эгерде кырдаал нугунан чыгып баратса, анда сырттан күч керектиги зарыл болот.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Баш катчысы Николай Бордюжа 31-майда кыргыз жетекчилиги менен негизги жолугушууларды өткөрөт. Анда база маселеси талкууланбы, азырынча белгисиз. Анткени ал сапарынын негизги максаты июнь айынын үчүнчү бөлүгүнө белгиленген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги сессиясына даярдык көрүү, деп билдирип жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG