Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Ош шаарындагы эсепчилер окуу жайынын имаратын ээлеп алган атуулдар аны менчиктештирүүнү талап кылышууда


ОШ. “Түпкүлүктүү журттун түбөлүгүн ким ойлойт? Биз өмүр бою батирде жашоого тийиш эмеспиз. Турак-жайыбызды чечип бергиле” деген сыяктуу ураандарды илип алышкан атуулдар он сегиз күндөн бери алардын көтөрүп жаткан маселесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тиешелүү деңгээлде көңүл бурушпай жаткандыгына нааразы экендиктерин билдиришти. Эсепчилер окуу жайынын имаратынын бөлмөлөрүн бөлүштүрүп алышкан атуулдар учурда ал жерде турак жайына ыңгайлаштырышып ремонт иштерин жүргүзө башташты. Бөлүштүрүлгөн бөлмөлөрдүн жаңы ээлери аларды мыйзам чегинде менчиктештирип берүү талабы менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты. Ош шаарынын мэри Мамасадык Бакиров маселени мыйзам чегинде чечүү максатында үй басып алуучулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Ал эми жогоруда аталган эсепчилер окуу жайынын жетекчилиги үй басып алуучулардын тоскоолдугунан улам бир канча күндөн бери окуу жараяны үзгүлтүккө учурап жаткандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG