Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Медиа-форум улуттук телекөрсөтүүнү реформалоону талкуулайт


БИШКЕК. 30-майда «Сорос Кыргызстан», ЮСАИД жана Интерньюс уюмдары биргелешип, медиа-форум өткөргөнү жатат. Бул форумда Кыргызстандагы маалымат саясаты, өлкөдөгү жараянга таасири, шайлоо жараяндарын чагылдыруу деңгээли талкууланат. Талкуунун жыйынтыгында радиожыштык жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу резолюция кабыл алынып, анда Улуттук телерадиокорпорациясын коомдук телерадио кылып кайра түзүү, жыштыктарды кайра бөлүштүрүү маселелери камтылары күтүлүүдө. Медифорумга маалымат каражаттарынын, жарандык коомдун, өкмөттүн, парламенттин, саясий партиялардын жана ишкерлердин 150 өкүлү катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG