Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Президенттикке талапкерлердин алгачкылары шайлоочулардын колун топтоп бүтүштү


БИШКЕК. Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин ичинен эки атуул, тагыраак айтканда, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана КДК партиясынын башчысы Жыпар Жекшеев атуулдардын керектүү сандагы колун топтоп бүтүштү. Бүгүнкү күнгө карата Курманбек Бакиевдин колдоп республика боюнча 300 миң адамдын колу топтолду. Ал эми Жыпар Жекшеевдин жактоочулары баш-аягы 70 миңден ашуун аттуулдун колун топтошту. Кыргызстандын Баш мыйзамынын 44 беренесине ылайык 50 миң шайлоочунун колун топтогон атуул гана президенттик шайлоого талапкер катары каттала алат.
Шайлоо кодексине ылайык президенттикке талапкерлердин атуулдардын колун топтоо мөөнөтү 2-июнда аяктайт. БШКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүнкү күнгө чейин баш аягы он тогуз адам президенттик шайлоого катышуу максатында БШКга арыз менен кайрылышты.

XS
SM
MD
LG