Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Казакстандагы, Орусиядагы кыргыздар 13 участокто добуш беришет


БИШКЕК. Бүгүнкү күнгө карата такталган маалымат боюнча 10-июлда өтө турган президенттик шайлоого Орусияда жашап-иштеп жаткан кыргызстандык жарандар 11 шайлоо участогунда, ал эми Казакстанда 2 шайлоо участогунда добуш беришет. Мындай маалымат дүйшөмбүдө Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Таалайбек Кыдыров менен Орусиядагы жана Казакстандагы Кыргыз диаспораларынын «Замандаш» ассоциациясынын аткаруучу катчысы Жума Абдылдаев уюштурган маалымат жыйынынан алынды. Тараптардын белгилегендерине караганда, Орусиянын ар кайсы аймагында жашап-иштеп жаткан кыргызстандыктарды шайлоо участокторуна жеткирүү үчүн 65 миң 212 доллар талап кылынат. «Замандаштын» өкүлүнүн маалыматына караганда, бул каражат табылбай калган шартта добуш берүү Орусия аймагында толук ишке ашпай калышы ыктымал. Бул каражаттын айрым бөлүгүн каржылоо жагын «Сорос-Кыргызстан» фонду убада кылууда.

XS
SM
MD
LG