Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

АКШ сенаторлору Кыргызстанда


БИШКЕК. Кыргызстандын Жалалабад обласына качып келген өзбекстандык атуулдарды кыргыз бийлиги күч менен Өзбекстандын аймагына өткөрүп жибербешине биз ишенебиз. Мындай пикирин Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШнын сенатору Джон Маккейн 30-май күнү биринчи вице-премьер-минстр Феликс Кулов менен жолугушуу учурунда билдирди. Ошондой эле Маккейн өзбекстандык атуулдар өз өлкөсүндө саясий туруктуулук камсыз болгучакты Кыргызстандын аймагында кала берсе жакшы болот эле деген оюн ортого салды. Анжияндагы кайгылуу окуядан качып келген беш жүздөн ашуун өзбекстандык атуул бир нече күндөн бери Кыргызстандын аймагында күн өткөрүшүүдө. Ушул эле күнкү маалымат жыйында Америкалык сенаторлор Өзбекстандын аткаруу бийлиги Анжияндагы окуяларды эл аралык эксперттердин иликтөөсүнө мүмкүндүк бериши зарыл экендигин баса белгилешти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG