Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Ирактагы жардыруудан 27 киши өлүп, 100дөн ашууну жаракат алды


Хилла шаарындагы жардырууну эки жанкечти ишке ашырган. Алар өзүндөгү жардыруучу заттарды жергиликтүү өкмөттүк имараттын сыртында жөлөкпул алуу үчүн чогулган мурдагы полицейлердин арасынан биринен соң экинчиси удаа жардырышкан. Интернет аркылуу таратылган билдирүүдө окуя үчүн "ал-Каида" уюмунун теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал- Зарвкауи жетектеген жергиликтүү бөлүмү жоопкер болду. Мунун аралыгында башкалаа Багдадда суниттердин Ирак Ислам партиясынын лидери Мохсен Абдул Хамид америкалык аскерлер тарабынан кармалып, бошотулган. АКШ армиясы ал жаңылыш кармалганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG