Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Франциянын Евроконституцияны кабыл албашы Евробиримдиктин кеңейүүсүнө залакасын тийгизбейт


Еврокомиссиянын билдиргенине караганда, Франциянын Евробиримдиктин Конституциясын четке кагуусу уюмдун болчокто кеңейүү маселеси менен бирге каралбаш керек. Мүчөлөрүнүн саны азыр 25 өлкөгө жеткен уюмда чечим кабыл алуу тартибин жеңилдетүүнү көздөгөн документти кечээги референдумда добуш берген француз шайлоочуларынын 55 пайызы колдогон жок. Конституциянын четке кагылуусунун бир себеби ирээтинде уюмдун тездик менен кеңейүүсү айтылган эле. Евробиримдикке мүчө болууну көздөгөндөрдүн бири - Түркиянын тышкы иштер министри Абдула Гүлдүн айтымында, француз референдумунун жыйынтыгы аларды тынчыздандырбайт. Мүчөлүк маселеси боюнча быйыл 3-октябрга белгиленген сүйлөшүүлөр өз мөөнөтүндө башталмакчы.

Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Бароссо жагдайды мындайча комментарийледи:

- Бул бизде проблема, олуттуу проблема бар дегенди туюндурат. Франция - Евробиримдиктин негизги мүчөлөрүнүн, уюмду түптөгөндөрдүн бири. Европаны биз бул өлкөсүз элестете албайбыз. Бизге ойлонуп көрүү үчүн убакыт зарыл.

Бирок Жозе Мануэль Бароссо Евроконституциянын күнү бүтө электигин кошумчалады. Ушундай эле пикирин немец канцлери Герхард Шрөдөр да билдирди. Учурда Евробиримдикте төрагалык кылган Люксембургдун премьер- министри Жан Клод Юнкердин айтымында, уюмдун лидерлери түзүлгөн кырдаалды келерки айдын 17-18синде өтүүчү саммитте талкуулайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG