Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

ОРУСИЯЛЫК ОҢЧУЛДАР ӨЗ ЛИДЕРИН ТАНДАШТЫ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиядагы Оңчулдар партиясы өзүнүн жаңы лидерин тандады. СПС партиясынын өткөн ишембиде болгон жыйынында көпчүлүк добуш менен партия жетекчилигине 29 жаштагы Никита Белых тандалды. 2003-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңилип калган орусиялык оңчулдар жаңы лидердин келиши менен орус саясатында өздөрүнүн таасирин жогорулата алаарына ишенээрин айтышууда.

Никита Белых – 29 жашта. Буга чейин Пермь областынын губернаторунун орун басары болуп, ошол эле учурда Оңчулдар партиясынын областтык бөлүмүн жетектеп келген.

СПС партиясы илгертеден эле өзүн либералдуу маанайдагы жана жаштарды колдогон партия катарында көрсөтүп келди. Ушундан уламбы, бул жолу анын башчылыгына жаш саясатчыны тандашканы да бекеринен болбогондой көрүнөт. Анткени партиянын негизги ураанын турмушка ашырууга, оңчулдардын ишениминде, жаштар негизги салымды кошо алышат. Эми партиянын урааны да өзгөрөт. Ал «Орусия – Европага!» деп аталып калышы да ыктымал. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү партиянын мурдагы лидери Борис Немцов билдирди. Буга жаңы лидер да кошула тургандыгын айтты.

Добуш берүү аяктап, анын жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин, Никита Белых мындан ары партия мүчөлөрү менен ачык маек жүргүзө тургандыгын даңазалап, өзүнүн чөнтөк телефонунун номурун да жарыя кылды.

Анын айтымында, ушул тапта партия алдында турган негизги милдет – өзүнүн популярдуулугун арттырып, катарын кеңейтүү. Бул үчүн Никита Белых өтө көп жумуш аткарыла турганын билдирди:

- Менде, жаш экениме карабай, бизнесте да саясатта да тажрыйбам бар. Мен Пермь областынын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатымын жана облус губернаторунун орун басары болуп иштеп келатам. Эч качан мен өзүмдүн көз-караштарыма каршы иш жасабайм.

Орусиядагы оңчулдар партиясы 1999-жылдагы парламенттик шайлоонун алдынан түзүлгөн. Шайлоо учурунда ал 5 пайыздык барьерди өтүп, Мамдумага өзүнүн депутаттарын өткөрө алды.

Ал эми 2003-жылы партия шайлоодо 5 пайыздан кем добуш топтогондуктан, Думага өтө алган жок. Партия шайлоодо жеңилип, кийин анын лидери Борис Немцов кызматынан кетет.

Эми 2007-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо СПС жалпы добуштун 7 пайызынан көбүн топтосо гана, ал Мамдумага өтө алат. Партиянын лидерлеринин бири Анатолий Чубайстын ишениминде, бул жолу СПС алдыга чыга алат.

Дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында жаңы лидер Никита Белых «СПС эч качан солчул маанайдагы партиялар менен кызматташууга барбай турганын, ал жалаң гана демократиялык күчтөрдүн биригүүсү үчүн аракеттенээрин» айтты.

XS
SM
MD
LG