Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

КАЗАКСТАНДА ДИН ЭРКИНДИГИНЕ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛҮҮДӨ


Замира Кожобаева, Прага Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы өлкөнүн коопсуздугун сактоо максатында 11 мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу токтом кабыл алып, Жогорку палатанын, Сенаттын кароосуна жиберди. Өзгөртүү киргизүү талап кылынган мыйзамдар негизинен маалымат каражаттарынын, бейөкмөт жана диний уюмдардын ишмердүүлүк жүргүзүүсү тууралуу. Адам укугун коргоочулар муну менен Казакстанда дин эркиндигине чектөө салынып жаткандыгын айтып, тынчсызданышууда.

Түштүк Казакстандын облустук прокурорунун орун басары Эрлик Асылов жергиликтүү тартип коргоо органдары жакында эле бир нече христиан жана мусулман миссионерлерин кармап, өлкөдөн чыгарышкандыгын “Азаттыкка” билдирген:

- Диний үгүт-насыят иштерин жүргүзүп жаткан эки испанды жана корейлердин “Даль-аркан” атындагы Куран каримди үйрөнүү борбору” деп аталган уюмдун үгүтчүлөрүн кармап, чыгардык. Алар Казакстанда көп деле убакыт болгон эмес. Бир-эки айдан кийин эле кармалышты.

Ошол эле аймакта жергиликтүү бийлик түштүк корейлердин Синьбакун деген протестанттык чиркөөсүн жабууга аракет кылган. Чет өлкөлүк миссионердин визасы токтоосуз кыскартылган жана ал Казакстандан убактылуу чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Индияда негизделген “Ахмадиййа” мусулман уюмунун жергиликтүү лидери да ушундай эле маселе менен жабыркаганы тууралуу маалыматтар болгон. Ошондон кийин аймактагы мусулман жетекчилигинин уруксатысыз ачылган бардык мечиттердин имамдары кайра бир сыйра аттестациядан өтүүгө милдеттендирилген.

Алматыдагы диний эксперт Муртаза Булутай Казакстанда ар кыл диний уюмдар өз дини үчүн үгүт жүргүзүүдө жагымдуу кыртышка ээ болгондугун белгиледи:

- Күн сайын биздеги диний акыбал жакшырып баратат. Казакстан диний экспансия аймагына айланды десек аша чапкан болбойбуз.

Казакстандагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында казак парламентинин төмөнкү палатасы май айынын башында 11 мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу чечим кабыл алып, жогорку палатага жиберген. Эгерде Сенат улуттук коопсуздукту чыңдоо максатында иштелип чыкты деген мыйзамдарды колдоп берсе, анда президенттин кол коюусу менен алар күчүнө кирет.

Диний эркиндик көйгөйлөрүн иликтеген “Форум18” деп аталган кабар агенттигинин редактору Феликс Корлей диний мыйзамдарга киргизилген соңку өзгөртүүлөр мыйзам сактаган нечендеген карапайым кишилердин кызыкчылыгына каршы келет деп эсептейт:

- Диний ишмердүүлүк тууралуу мыйзам азыркы учурда жазаланбай келген көп аракеттерге карата жаза киргизүү үчүн түзүлүп жатат. Акыркы өзгөртүүлөр төмөнкү палатада бир аз жумшартылганы менен, бул мыйзамдар адамдардын диний эркиндигин чектей турган мүнөзүнөн кайткан жок.

Учурда тигил же бул диний жамаат Казакстанда диний ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн мыйзам боюнча 10 чакты уруксат кагазын алууга жана каттоодон өтүү үчүн 100 доллардан көп эмес акы төлөөгө тийиш. Милдеттүү түрдө катталуу талап кылынбагандыгы менен, иш жүзүндө катталбай ишмердик жүргүзгөндүгү үчүн жамаат жоопко тартылышы мүмкүн болчу. Ал эми жаңыдан сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча, каттоодон өтпөгөн диний уюмдарга ишмердүүлүк жүргүзүүгө расмий түрдө тыюу салынат.

Жыл башында, 21-февралда президент Нурсултан Назарбаев “экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү” тууралуу талаш-тартыштуу мыйзамга кол койгон. Бул кадам бир катар укук коргоочулардын нааразылыгын туудуруп, алар бул мыйзамда “экстремизм” сөзү аныкталбагандыгын жана бул сөздү ар кандай эле диний жамааттарга колдонууга болорун айтып чыгышкан.
XS
SM
MD
LG