Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

КЫРГЫЗ ЫҢКЫЛАБЫ БОРБОР АЗИЯГА ЖАҢЫЛЫК АЛЫП КЕЛЕБИ?


30-майда сенатор Джон МакКейн жетектеген Америка Кошмо Штаттарынын когрессинин делегациясы Кыргыз өкмөт жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. АКШнын делегациясы Анжиандагы 13-14-майдагы окуяларды массалык адам өлтүрүү катарында баалады. ЕККУнун комиссиясы ал апаатты кылдат иликтеши керек деген пикирлерин билдиришти. Кыргызстандагы ыңкылапты сенаторлор Борбор Азияга жаңылык алып келүүчү окуя катары баалашты.

АКШ конгерссинин делегациясы Кыргызстандагы иш сапарында демократиялык баалуулуктар жана 10-июлда болуучу президенттик шайлоого байланыштуу маселелерди жана кыргыз-өзбек чегарасындагы бозгундардын абалын талкуулашты.

АКШнын Аризона штатынын сенатору Джон МакКейн Кыргызстандагы окуя демократиялык кайра жаралуу катарында бааланып жатканына токтолду.

-АКШнын конгресси жана эли Кыргызстандагы окуяны демократиялык кайра жаралууга кадам таштоого жетишкендик катары баалоодо жана ар тараптуу жардам берүүгө даяр. Силердеги болуп өткөн окуяны Борбор Азияга жаңылык алып келүүчү окуя катары баалайбыз.

-Джон МакКейн мындан сырткары кошуна Өзбекстандагы окуяга кыжаалат болгонун да жашырган жок:

- Жакында ал жерде адамдарды массалык өлтүрүү коштогон кылмышты биз ЕККУнун комиссиясы кайрадан кылдат иликтеп чыгуусун талап кылабыз. 21-кылымда мындай аракеттерге жол бербешин президент Каримов билиши керек.
Эгерде Каримов жана анын өкмөтүнүн учурдагы аракети улана берсе, эл аралык уюмдардын көз карандысыз иликтөөсүнө тоскоолдук кылса, АКШ тиешелүү чара көрүүгө мажбур болот.


Ал ошондой эле Өзбекстанда жагдай жакшырганча өзбек бозгундарын Кыргызстандын аймагында калтыруу боюнча кыргыз бийлиги менен макулдашылгандыгын белгиледи.

Биринчи-вице-премьер-министр Феликс Кулов АКШнын делегациясы менен 30-майда жолугушканда МакКейнинин сунушун кыргыз өкмөтү колдой тургандыгын билдирген.

Ал эми Түштүк Каролина штатынын сенатору Линдсей Грэхэмдин бул маселе боюнча пикири мындай:

- Кыргызстан менен Өзбекстандын айырмасы күн менен түндөй. Бул жерде абдан тез өзгөргөн окуяга байкоо салуунун өзү кызыктуу. Бирок ыңкылаптык жаңылануу бийлик алмашуу менен эле чектелип калбайт, деп ойлойбуз. Өлкөдө түп тамырынан бери өзгөрүү болот деген үмүттөбүз.

Мындан сырткары ал массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыз элге кызмат кылуусун жана Конституциялык реформалоодо сот системасын да көз карандысыз кылуу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле АКШнын делегациясы Кыргызстандагы Ганси авиа базасынын террорчулукка каршы күрөшүүдө ролу чоң экендигин, Борбордук Азияда жана Ооганстанда кырдаал оңолсо, бара-бара аталган авибазадагы аскерлер кыскартылаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG