Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

КЫРГЫЗСТАН МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫН РЕФОРМАЛООНУ КӨЗДӨӨДӨ


31-майда Бишкекте Интерньюс жана “Кыргызстан-Сорос» фондунун колдоосу астында медиа форум өттү. Кыргызстандагы маалымат каражаттарын реформалоо форум талкуулаган башкы маселе болду.

Медиа форум күн тартибине маалымат каражаттарын реформалоо маселесинен тышкары «Кыргызстандагы маалымат саясаты», «Маалымат каражаттары жана шайлоо» маселелери да киргизилген. Бирок, масс-медианын, жарандык коомдун, парламенттин, өкмөттүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан бул форумда көпчүлүктүн көңүлүн маалымат каражаттарын реформалоо маселеси бурду.

Өкмөттүн чечими менен түзүлгөн жумушчу топ бул жыйында Кыргыз телерадиокорпорациясы коомдук болуп, кайра түзүлөөрү, мамлекеттик маалымат каражаттарына эркиндик берилери жарыяланды. Бирок, аталган демилгелерди ишке ашыруу, анын ичинде телерадиоберүүнү реформалоо үчүн алды менен мыйзам негиздерин иретке келтирүү керек. Анткени, буга чейин иштелип чыккан бир катар мыйзам долбоорлору ар кандай себептер менен парламентте кабыл алынбай келген. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев форумдун катышуучуларын Корпорацияны реформалоону кепилдей турган жаңы мыйзам долбоору менен тааныштырды. Бул долбоор боюнча телерадиоберүүнү мамлекет каржылайт, бирок, аны байкоочулар кеңеши башкарат.

Бул тууралуу төрага Текебаев буларга токтолду:

- Коомдук телеберүүнүн негизги принциби ал мамлекеттен каржыланбашы керек. Өзүн өзү багыш керек деген негизги идея. Бирок бизде бүгүн кырдаал ушундай: адамдардын төлөө мүмкүнчүлүктөрү аз. Ошондуктан, мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Албетте, анча-мынча иштеп тапканга мүмкүнчүлүгү болот. Эң негизгиси мурункудай мамлекеттик телерадио компаниянын жетекчилигин бир адам аныктабастан, коомчулуктун катышуусу менен, өлкөнүн жетекчиси: президенттин, парламенттин катышуусу менен байкоочу кеңеш түзүлөт. Мына 7 ден 25ке чейинки кишилердин саны айтылып атат. Белгилүү, көз каранды эмес көз карашы бар, кадыр-барктуу адамдардан турган мындай кеңеш элдин кызыкчылыгын чагылдырган берүүлөрдү даярдап, обьективдүү маалыматты биздин калкка жеткирет деп ойлоп атам.

Текебаевдин билдиргенине караганда, долбоор комитетке кароого берилди. Ал эми маалымат каражаттарын реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчилеринин айтымдарында, маалымат каражаттарын мамлекеттен ажыратуу, кайра түзүү иштерин чукул жүргүзүү максат эмес. Бирок быйыл бул багытта чечкиндүү аракеттер жасалаары күтүлүүдө. Булардын мамлекеттик гезиттерге тикелей тиешеси бар.

Мындай пикирин форумда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, маалымат каражаттарын реформалоо боюнча жумушчу топтун төрагасы Адахам Мадумаров билдирди:

- Мамлекеттик басылмаларга байланыштуу болсо биздин позиция биринчи күндөн баштап эле так, даана, түшүнүктүү. Бир дагы өкмөттүк гезит болбойт. Бир дагы облустук, райондук гезит болбойт. Өз алдынча аракеттенгиле. Каражатты каалаган жол менен тапкыла, каалаганыңарды жазгыла. Мына силерге толук эркиндик.

Мадумаровдун пикиринде, мурда парламентке таандык болуп келген «Эркин тоо» гезитин Жогорку Кеңешке кайра кайтарып берүү жана өкмөттүн карамагына бир гезит калтыруу зарыл. Бирок мындай демилгенин «Слово Кыргызстана», «Кыргыз туусу» гезиттери менен байланышы жок. Аларга эркин иштөө мүмкүнчүлүгү берилет. Өкмөттүн мындай демилгесин «Слово Кыргызстана» гезитинин жамааты толук жактаган жери жок.

Маселен, журналист Тамара Слащеванын айтымында, эгер, гезит өзү жайгашкан имаратынан ажыраса, «Кыргыз почтасы», Жогорку Кеңеш өңдүү юридикалык тараптардан аласаларын өңдүрө албай калса, ал өз алдынча оокат кылып кете албайт:

- Мурдагы менчиктеширүүдө завод-фабрикалардын бардыгы, жабдыктар, имараттар жамаатка берилген, азыр эмне үчүн бизге берилбейт? Эмне үчүн биздин айланабызда оюн болуп атат. Бул имарат өтө эле даамдуу болуп атат.

Жамааттын атынан форумга катышкан Тамара Слащеванын айтымында, өкмөт жамаат менен сүйлөшө элек, бирок өкмөттүн жаңы гезитине орун даярдалып жаткандыгы кабарланып жатат:

- Жаңы бийлик гезитке тишин кайрап атат окшойт. Албетте, мен аларга оппозицияда эч качан болгон эмесмин. Бирок алар деле билишет, Акаевдин бийлигинин учурунда гезитке эмнени бериш керек, кандай бериш керек экенин биз чеччү эмеспиз. Биз алыбыздын жетишинче, пикирибизди айтчубуз. Бирок ак үйдөн түшкөн материалдарды жарыялоого мажбур болчубуз. Бирок мындай ыкманы жактачу эмеспиз.

Мындай пикир «Журналист» коомдук бирикмесинин башчысы, жумушчу топтун төрага орун басары Кубан Мамбеталиевди ынандырган жок:

- «Слово Кыргызстана» өзүнчө акционердик коом болуп кете берет. Имараттын, техниканын баары калат.

Медиа форум маалымат каражаттарын реформалоо маселесин талкуулоо жыйынтыгы боюнча алты бөлүмдөн турган резолюция кабыл алды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG