Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

1-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 1-июнда Кыргызстанда күн бүркөлүп ачылып турат. Айрым аймактарда кыска мөөнөттө жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30 градус ысык. Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29 градус. Жалалабат, Ош, Баткен облустары боюнча абанын температурасы түнкүсүн +12...+17, ал эми күндүз +25 градустан +30 градуска чейин ысыйт. Нарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +21...+26. Ысыккөл аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23 градус жылуу болот. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +28...+30 градус.


Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Шайырбек Эркин уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG