Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Телерадио берүүнүн жаңы мыйзамы даяр


БИШКЕК. Кыргызстанда радиоуктуруу жана телекөрсөтүүнүн жаңы саясатына негиз берчү «Берүүлөр жөнүндөгү» мыйзам долбоору даярдалды. Бул тууралуу 31-майда өткөн медиа форумда Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын билдирүүсү боюнча аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин Улуттук телерадиокорпорация коомдук телеканалга айландырылып, Оштогу «Ош-3000» телеканалы толук көз карандысыз атаандаш телевидение болуп, өзүн-өзү каржылай баштайт. Ал эми вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаровдун айтымында, ушул күзгө чейин «Маалымат коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзам долбоору даярдалат. Ал эми жалган ушак-айың тараткандык үчүн жазага тартуу боюнча мурдагы президент Кылмыш-Жаза кодексинен алып салууну сунуштаган беренени жоюуга ЖК спикери Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаров каршы экендиктерин жарыя кылышты.

XS
SM
MD
LG