Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Жогорку Кеңеш Тажикстан менен келишимди ратификациялады


БИШКЕК. 31-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда түзүлгөн келишимди ратификациялады. Ал келишимге ылайык Тажикстандагы этникалык кыргыздардын тажик атуулдугунан чыгып, кыргыз атуулдугун алуусу жеңилдейт. Депутаттар алдында сөз сүйлөгөн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Таалай Кыдыров келишимдин ратификацияланышы менен Тажикстандагы кыргыздардын кыргыз атуулдуугун алуусуна жол ачылаарын белгиледи. Парламент бул күнү ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда коңшулук жана өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну да ратификациялады.

XS
SM
MD
LG