Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Украина президенти Казакстанда


Казакстанга эки күндүк сапар менен келген Украина президенти Виктор Ющенконун сапары уланууда. Кечээ күнү ал Астана шаарында президент Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, казак мунайын Украинанын аймагы аркылуу Европага жеткирүү маселелерин талкуулаган. Украйна өзүнүн Одесса портунан Польшанын чек арасындагы Броды шаарына чейин куур жаткырган жана аны Польшанын Гданск портуна чейин улантууну көздөөдө. Казакстанга болсо Ющенко Днепропетровск шаарынан Пивдены деген портко чейин куур жаткыруу ишине катышууну сунуштады.

XS
SM
MD
LG