Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Иракта улам жаңы террор аракети ишке ашырылууда


Ирактын Бакуба шаарында дүрмөттөлгөн бир машине жарылгандан бүгүн эки өкмөттүк аскер набыт кетти жана бир нече адам жараат алды. Насирия шаарынын алдында болсо бир италиялык тик учма кыйрагандан төрт аскер курман болду. Кечээ бир америкалык учак кыйрагандан беш адам өлгөн. Кечээ күнү Интернет аркылуу "ал-Каида" уюмунун Ирак боюнча башчысы Абу Мусаб аз-Заркави чыгып сүйлөп, ал жакында алган жараат жеңил экенин билдирди, бирок жазылып алынган үн чындап эле аныкы экени белгисиз. Заркавинин башы үчүн АКШ 25 миллион доллар сыйлык жарыялаган.

XS
SM
MD
LG