Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:54

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Маскөөнүн райондук соту Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин ар бирин тогуз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялады. Андрей Крайновду беш жылга шарттуу түрдө абакка олтургузуу өкүмүн да жарыялады. Сот суракка алынгандарга күнөө тагууда аларга коюлуп аткан дооматтар моюндарына коюлду деп эсептей турганын айтты. ЮКОСтун мурдагы башчысы Ходорковский, МЕНАТЕП компаниясынын мурдагы жетекчиси Лебедев ошондой эле «Волна» бирикмесинин мурдагы башкы деректири Крайнов үстүнөн сот өкүмүн жарыялоо он эки күнгө созулду. Ходорковский менен Лебедев өздөрүнө колган күнөөнү четке кагышты.

Он эки күн бою окулган өкүм жердигинде, ар кандай агенттиктер кабарлаганга караганда, миң барактан артык иликтөө баяны толтурулуптур. Шейшембиде Мещандык сот Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев үстүнөн жүргүзгөн тергөөчүлөр алардын күнөөлөрүн моюндарына койду деп эсептей турганын билдирди. Ошол негизде алардан ар бирин тогуз жылдан жалпы режимдеги абакта олтуруп чыгуу өкүмүнө кол койду. Ходорковскийдин кармагындагы фирманын мурдагы жетекчиси Андрей Крайновго беш жыл мөөнөт берип, бирок сот, аны шартуу түрдө өтөсүн деп чечти.

Профессор Евгений Ясин Мещандык соту чыгарган өкүмдү орусиялык реформа үстүнөн, жаңы тирилик башынан өткөрүп аткан ишкердик үстүнөн чыгарган өкүм деп эсептейт:

- Мен Ходорковскийди периштедей ак, артында эч кандай жазыгы жок дегендер катарына кирбейм. Бирок ал айыптуу деп эсептелген күнөө орусиялык бардык ишкерлерде бар. Бир эле ири ишкерлерде эмес, орто, ал тургай кенже ишкерлерде бар. Бул, кайсы бир деңгээлде, Орусия реформасы үстүнөн, бутуна жаңыдан турайын деп калган ишкерлер үстүнөн чыгарылган өкүм.

«Саясат» корунун жетекчиси Вячеслав Никонов бул ишти коргоочулар сотту адилетсиз болот деп көкүтүп атып анын ашкере өжөрлөнүшүн жаратты деп эсептейт:

- Ошондуктан, өкүм тараптарды канагаттандырбаган күндө да, азыркы тушта, бул иштин бир жаңсал болгону жакшы болчу.

Орусиянын өйдөкү палатасына мүчө Александр Калита мындай чечимди элдин жыргалчылыгы үчүн жаcалган кадам катары баалайт. Муну салык төлөөдөн качкандарга капкан коюу деп түшүнө турганын айтат. Ушуга чукул ойду көчөдөн жолуккан чал да айтты:

- Кантсе да бул адилет чыгарылган өкүм. Эмне дегенде Ходорковский митаамдык кылган. Бул таш боордук эмес. Анын канча-канча миллиард доллары бар, пенсия алган менде канча акча бар, салыштырып көрүп ушундай тыянакка келесиң.

Бул иш менен Мещандык сот алек болуп атканда салык төлөө федералдык кызматы тергелип аткан эки байдан баш-аягы 17 миллиард 395 миллион доллар өндүрүп алды. Сот жүргүзгөндө кеткен чыгым үчүн деп Маскөөнүн райондук соту, шейшембиде, Лебедевден 15 миллион рублей, Ходорковскийден 62 миллион рублей өндүрүп алуу сунушун таштады.

Ушуга карабай Ходорковский магнат берген акчалардын кайда кетип атканы белгисиз. Андан пенсиядагылар, ортодон айлык алгандар, балдарды багууга деп төлөнчү жөлөк пул көлөмү өсүп кеткени сезилбейт дешет.
XS
SM
MD
LG