Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

ТАЖИКСТАНДА СУУ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ


Тажикстанда суу маселесине арналган эл аралык конференция өтүүдө. Атап айтканда, анда чек араларды кесип өткөн дарыялардын суусун пайдалануудагы чөлкөмдүк кызматташттык маселелери талкууланып жатат. Бул эл аралык жыйында сууну биргелешип пайдалануу боюнча Борбор Азия чөлкөмүндө түзүлгөн жагдай жөнүндө да сөз жүрүүдө.

Баяндамачылар менен адистер белгилеп жүргөндөй, Борбор Азия - суу проблемасы саясий мүнөзгө ээ чөлкөмдөрдүн бири. Көз карандысыздыкка жеткен дээрлик он беш жылга жакын убакыттын бери региондогу өлкөлөр арасында Аму жана Сыр Дарыялардын суусун баарына түгөл пайда келтирген шартта, жарнакташып пайдалануу маселесинде туруктуулук жок. Өзгөчө кыш жана жай мезгилдерине мамлекеттер арасында жарала калып жаткан пикир –келишпестиктерди мунун күбөсү катары келтирүүгө болот. Борбор Азия өлкөлөрү транс чек аралык дарыяларды башкаруунун азыркы шартка ылайыкташкан ийкемдүү механизмине муктаж бойдон калып жатканы жөнүндө Дүйшөмбүдөгү конференцияда, аны уюштуруучулардын бири Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча директору Кальман Мизей мындай деди:

-Чөлкөм транс чек аралык дарыяларды башкаруудагы кызматташтыктын натыйжалуу механизмге муктаж. Буга чейинки бир нече жолку аракеттер ийгиликке жеткен жок. Суу жана энергия маселесин Борбор Азия Кызматташтык уюмунун күн тартибине киргизүү демилгеси үмүттөндүрөт. Эгер сиздер бул жолду тандасаңыздар, БУУнун Өнүктүрүү программасы эл аралык экспертиза жагынан колдоого даяр. БУУнун Өнүктүрүү программасы Борбор Азия боюнча көлөмдүү отчетун аяктоонун алдында турат. Биз анда, мен шилтеме келтирем, "айыл –чарба саясаты жана ысырапчыл ирригациялык ыкмалар региондун суу проблемаларынын өзөгүн түзөт", деген жыйынтыкка келдик.

Ал эми тажикстандык саясат таануучу Рашид Гани Борбор Азиядагы суу проблемасынын жүйөөсүн төмөнкү жагдайлардан көрөт. Биз менен болгон маегинде ал буларды белгиледи:

-Башкы проблема - Борбор Азияда суу ресурстарынын чектелүү экендигинде. Экинчиден, сууга болгон керектөөнүн такай өсүп жаткандыгында. Үчүнчүдөн, менимче сууну кантип пайдалануу маселесинин жөнгө салынбаганында. Албетте көз карандысыздык алгандан кийин ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыгы пайда болду. Алсак Кыргызстан менен Тажикстанга ички керектөө, экспорт үчүн электр энергия өндүрүүчү ГЭСтерди куруу мааниге ээ, ал эми дарыянын төмөнүндөгү республикалар сууну үзгүлтүксүз, болушунча бекер алып турууга кызыкдар.

Саясат таануучу Рашид Ганинин айтымында, Кыргызстандан айрымаланып Тажикстан коңшу өлкөлөргө сууну сатуу маселесин расмий түрдө көтөрүп чыга элек. Бирок сууну да сатууга өтүү жана өтпөө керек деген карама- каршы эки көз караш бар экенин эске алганда, чөлкөмдөгү өлкөлөр келечекте бул маселени талкуулап, мунаса табууга мажбур.

Тажик президенти Эмомали Рахмонов болсо конференциядагы сөзүндө транс чек аралык сууларды башкаруу саясий көз караштан алганда өтө кылдат иш экенине токтолуп, аны чатактын булагы эмес, кызматташтыктын катализатору ирээтинде кароо зарылдыгын айтты. Рахмонов ошондой эле, " Итар –Тасс" агенттигинин маалымдаганына караганда, Борбор Азияда "эл аралык суулар" боюнча макулдашуу иштеп чыгууну сунуштады. Тажик президентинин пикиринде, ал документ чөлкөмдө тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн бекемделишине өбөлгө болушу абзел.

Тажик президенти бул көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү роль Улуттар уюмуна таандык экенин белгилеп, Арал деңизи боюнча эл аралык коомчулукту сындай кетти:

-Көптөгөн симпозиумдар, конференциялар, жыйналыштар, сүйлөшүүлөр өттү. Бирок эл аралык коомчулуктан бул экологиялык проблеманы чечүү боюнча олуттуу программа болгон жок.

Ага катар тажик президенти келерки жылдын март айында Мексикада өтүүчү Дүйнөлүк суу форум Арал үчүн бурулуш учур болоруна ишеним билдирди. Улуттар уюмунун былтыркы отчетунда соолуп бара жаткан Арал деңизине ал мурда алып келген суунун азыр он бөлүгүнүн бири гана куюлуп жатканы, деңиз келечекте жок болуп кетиши мүмкүн экени айтылган.

Дүйшөмбүдөгү конференцияга 50дөй өлкөнүн, бир нече эл аралык уюмдун өкүлдөрү жыйналды. Ал өз ишин 1-июнда аяктайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG