Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Бишкекте оор салмактагылардын арасында кикбоксинг боюнча эл аралык турнир болот


2- июнда Бишкекте “Президенттин Кубогуна” арналган эл аралык турнир өтөт. Бул жолку күч сынашууга Шериктеш өлкөлөрдүн тандалган мыктылары катышканы турат. Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону армениялык Сурен Калачян, Европа чемпиону молдавиялык Олег Здрагуш, дүйнө Кубогунун жеңүүчүлөрү, орусиялык Вячеслав Дацик жана Александр Устинов, дүйнө чемпиону , белорусиялык Эдуард Вознович менен Европанын жеңүүчүсү Андрей Журавков жана Грузиянын чемпиону Давид Швелидзе “Президенттин Кубогу” үчүн таймашууга Бишкекке келишти. Кыргызстандын намысын кикбоксинг боюнча дүйнөнүн жана Европанын 2 жолку чемпиону Руслан Абасов коргойт. 8 балбандын салмагы 100 кг.дан жогору. Жеңүүчүгө баш байгени өлкө президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев тапшырмакчы.

XS
SM
MD
LG