Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Ачкачылык жарыялагандар Ысыккөл губернаторун кызматтан кетирүү талабын коюшат


БИШКЕК. Ананьево айылындагы Ысыккөл мамлекеттик коругунда ачкачылык жарыялап отурган отуз эки адам, эгерде Ысыккөл облустук администрациясы сүйлөшүүлөргө келип, койгон талаптарын ишке ашырбаса бейшембиде облус башчысын кызматтан кетирүү талабын коюшарын билдиришти. Бул тууралуу “Экологиялык көз карандысыз экспертиза” уюумунун башчысы Олег Печенюк 1-июнда “Кабар” агенттигинде маалымдады.

26-майда Ысыккөл мамлекеттик коругунун 34 жумушчусу ачкачылык жарыялап браконьерлерди кармоону бир эле мекемеге жүктөө, эмгек акыны жогорулатуу, он тогуз гектар жердеги токой, балык жана башка жаныбарларды кайтарууда унаа менен камсыз кылууну облустук бийликтен жана Мамлекеттик токой кызматынан талап кылышууда.

Ачкачылык жарыялагандардын экөөнүн кан басымы жогорулап кетип ачкачылыкты токтотушкан. Учурда 32 адам нааразылык акциясын улантууда.

XS
SM
MD
LG